«Манас»​ аэропортуна бараткан жолдогу автожарыш боюнча 12 киши кармалды

8 ноября 2023, 12:10

"Манас" аэропортуна бараткан жолдо унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар.

"Алардын ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү аталган жолдо унаа жарыш уюштурулуп, жарышка келгендер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, ортодо жаңжал чыкканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган.