«Манас» аэропортунда быйыл жүргүнчүлөрдүн агымы 62%га көбөйдү

21 апреля 2022, 12:15

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому ушул жылдын 3 ай аралыгында 993 миң 65 жүргүнчүнү тейледи. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 62% көп. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын 380 миң 906 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам - 612 миң 159 жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

2022-жылдын 1-январынан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылды. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түздү.