«Манас Банк» расмий түрдө жоюлду. Депозиттерди алып кетүүгө болот

15 ноября 2023, 16:00

“Манас Банк” расмий түрдө жоюлду. Бул тууралуу “Акчабарга” аткаруучу директордун орун басары Нурлан Байбосунов билдирди.

Маалыматка ылайык, банкты жоюу буйругу 2023-жылдын июнь айында эле чыгарылган.

Ошентип, банк мындан ары ишмердүүлүгүн жүргүзбөйт.

“Банктагы депозиттердин калдыгы маанилүү маселе болууда. Бирок, бул депозиттердин көлөмү кичинекей экенин белгилей кетүү керек. Көбүнчө 50, 100, 200 сом. Адамдар бул акчаны эстеп да коюшпайт. Эгерде алардын арасында эстегендер болсо да акчаны алып кетүү алар үчүн пайдасыз, анткени жолго көбүрөөк акча кетет. Кимдир бирөө 100 сому үчүн келсе кассадан чыгарып беребиз”, - деди Нурлан Байбосунов.

Акчаны алып кетүү үчүн паспортту жана депозиттик келишимди алып баруу керек.