Кыргызстан Корея менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыктар

7 мая 2021, 17:15

Кыргызстан Түштүк Корея менен соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кореялык компаниялардын филиалдарын ачууга кызыктар.

Мындай билдирүүнү өкмөт башчы Улукбек Марипов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Йок менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушууда айтты.

Элчи өз кезегинде Кыргызстан Корея Республикасы үчүн өзгөчө өнөктөш экендигин белгиледи. Ал Корея тараптын Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү каалайт. Тактап айтканда, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын түзүүгө, ошондой эле банк жана туризм чөйрөсүндө уюмдарды ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Марипов мындан ары да эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттерди көрөрүн кошумчалады.