WTI маркасындагы мунайдын баасы алгачкы жолу 300% чейин төмөндөп кетти

21 апреля 2020, 14:30

WTI маркасындагы мунайдын дүйшөмбү күнкү соодалашуудагы бир баррелге болгон баасы -38.08 $ чейин түшүп, 300% чейин төмөндөп кетти. Бул 1983-жылдан берки, мунай фьючерстери биржада соодалаша баштагандан тарта катталган алгачкы көрүнүш. Бул маалыматты MarketWatch порталы билдирди.

«Коронавирус пандемиясы күчөп жаткан маалда мунайга болгон талаптын төмөндөп кетиши, рынокто мунайды сактоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе болуп калгандыгынан кабар берет», — деп жазылат маалыматта.

АКШнын Кушинг шаарында мунай запасы акыркы аптада 12% же 55 млн баррелге чейин жогорулаган. АКШнын энергетика башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, максималдуу 76 млн баррелге чейин гана сакталышы мүмкүн.

Рынокто мунайдын көптүгүнө байланыштуу, сатуучулар май айына сатып алуу боюнча келишим түшпөй жаткандыгын билдиришти. Учурда мунайды сактоочу жер жок болуп жаткандыктан, мунай сатып алуучуларга компания өздөрү жеткизип беришүүдө. Бул мунайга болгон баанын түшүп кетиши менен дагы шарттуу болуп, атаандаштыктын күчөп жаткандыгын билдирет.

WTI мунайынын июнь айындагы бир баррелге болгон баасы учурда 21.35 $, ал эми Brent — 25.38 $ түзүүдө.