Март айында мигранттар өлкөгө 144 млн доллар которушкан

12 мая 2020, 16:15

Үстүбүздөгү жылдын март айында мигранттар мекенине 144 млн доллар которушкан. Бул февраль айына салыштырмалуу 21.1 млн долларга көп.

Салтка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулган. Февраль айына салыштырмалуу Орусиядан келген каражаттын көлөмү 20.7 млн долларга же 13.2% аз болгон.

Март айында алыскы чет өлкөдөн февраль айына салыштырмалуу 300 миң долларга аз, жалпысынан 5.5 млн доллар каражат которулган.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3 айында мигранттар Кыргызстанга 457.6 млн доллар акча которушкан.