Мартта Токтогул ГЭСинин бир агрегатынын иши токтотулат

29 февраля 2024, 14:34

5-марттан тарта Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, №1 гидроагрегат план боюнча 15-февралда реконструкциага берилиши керек эле, бирок аба ырайынын төмөндөгөнүнө жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу март айына жылдырылган.

"Быйыл эртерек реконструкциага берүү зарыл, себеби кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылгандыктан кийинки 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине кирүүгө үлгүрүү керек", - дейт айтылат маалыматта.

Учурда Токтогул ГЭСте 1320 МВт кубаттуулуктагы 4 агрегат иштейт.