Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болду

25 апреля 2022, 17:57

Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиелешүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болчу.