Масалиев: Кредиттик каражаттарды албай туруп, курстун айырмасынан 20 млрд сом жоготтук

16 марта 2022, 12:08

Кечээ, 15-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттар «2017-жылдын 28-февралындагы Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга №2 кошумча макулдашуунун долбоорун карап, жактырышты.

Аталган маселени талкуулоонун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетине доллар менен евронун курсунун кескин көтөрүлүшүн эске алуу менен чет элдик валютада алынган кредиттерди төлөө механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

«Биз кредиттик каражаттарды албай туруп, курстун айырмасынан гана 20 миллиард сом жоготтук», - деди Масалиев.

Ал өкмөттү төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүү жана болгон карыздарды реструктуризациялоо боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө чакырды.