Матрезерв 27,6 миң тонна буудай сатып алды

6 декабря 2023, 11:00

2023-жылдын 6-декабрына карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республика боюнча 27,6 миң тонна азык-түлүк буудай данын сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Сатып алынган буудай данынын сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес, глютени 23%дан кем эмес экендиги көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө сатып алуулар уланууда.