Матрезерв фонду 30,3 тоннадан ашык буудай сатып алды

27 декабря 2023, 12:15

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан 30 миң 380 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги 23% кем эмес.

Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы жылга сатып алуу иштери аяктады.