Матрезерв жыл аягына чейин дыйкандардан буудай сатып алат

10 ноября 2023, 12:17

Материалдык резервдер фонду сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги (клейковинасы) 23% төмөн эмес аштык буудайынын 1 килограммын 23 сомдон сатып алууну улантууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, министрлик 40 миң тонна көлөмдөгү аштык буудайдын квотасын облустарга бөлүштүрүп берген.

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга мамлекеттик колдоо каралганын белгиледи.