Матрезервден алынган кумшекер менен суу майдын баасы бекитилди

17 марта 2022, 10:01

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынган кумшекер менен суу майдын баасы бекитилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинети Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ички рынокту толтуруу максатында товардык интервенцияны ишке ашырууга буйрук берген.

“Монополияга каршы күрөшүү кызматы калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо үчүн кумшекердин килограммы 65 сом, өсүмдүк майынын 1 литри 124 сом 5 тыйын деп бекитти”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн соода түйүндөрүнө 1 млн килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы жеткирип жатканын кабарлаган.