Медициналык академия 9 млн сомго ноутбук сатып алат
Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясы ноутбук алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды.
Маалыматка ылайык, 250 ноутбук алынат. Тендердин жалпы суммасы 9 млн 250 миң сомду түзөт.