Үч облустагы медицина кызматкерлерине 19 млн 180 миң сом компенсация төлөнүп берилген
Январда үч облустагы медицина кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнө 19 млн 180 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан маалымдашты.
Январда 1 миң 343 медицина кызматкерлери өздөрүнүн компенсациялык төлөмдөрүн алышкан. Анын ичинен:
- Ош облусунан 885 медицина кызматкери,
- Нарын облусунан 256 медицина кызматкери,
- Талас облусунун 202 медицина кызматкери.
Кошумчалай кетсек, Ош облусу боюнча төлөмдөр 100% толугу менен жүргүзүлгөн.