Казакстан медиктерге 7.3 млн $ жакын каражат бөлдү

24 апреля 2020, 11:10

Казакстандын 16 миң 453 медицина кызматкерлеринин март айындагы эмгек акысына кошумча акы катары бюджеттен 3 млрд 200 млн теңге (7.3 млн $ жакын) бөлүндү. Бул тууралуу sng.today порталы билдирди.

Белгиленгендей, кошумча айлык акы коронавирус илдети менен күрөшкөн медицина кызматкерлерге төлөнүп берилет. Жалпысынан республиканын 17 регионунда кызмат өтөгөн медиктерге кошумча акы 100% төлөнүп берилди.