Медициналык беткапты 10 сомдон жогору сатып жаткан дарыканалар аныкталды

18 марта 2020, 12:30

Финансы полициясынын кызматкерлери Бишкектеги медициналык беткаптарды саткандарга текшерүү жүргүздү. Текшерүүчүлөр тарабынан шаардык ооруканалардан 500 даана медициналык беткап сатылып алынган.

Эске сала кетсек, өкмөттүн 2020-жылдын 10-мартындагы №76 буйругуна ылайык, медициналык беткаптын баасы 10 сомдон жогору жана 1 адамга 3төн ашык медициналык беткап сатууга тыюу салынган.

Бардык текшерилген дарыканалардын ичинен, алты дарыканада беткапка болгон жогору баа катталган. Андан сырткары, эч кандай чектөөсү жок сатып жатканы аныкталган.

«Бул факт кылмыштардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп маалымдашты финансы полициясы.