Медик жана күч түзүмдөрүнүн май айы үчүн айлык акылары толук төлөндү

15 июня 2020, 15:15

Медиктерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин май айы үчүн айлык акысы толук төлөндү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Амандыков бүгүн, брифинг учурунда билдирди.

«Медиктердин жана күч түзүмдөрүнүн май айы үчүн айлык акылары толук көлөмдө каржыланды. Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерге март, апрель жана май айлары үчүн кошумча төлөмдөр берилген. Бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат, бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча, учурда тизмелер такталып жана эсептер даярдалып жатат, Өкмөттүн чечиминен кийин Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнөт», - деп билдирди КР финансы министринин орун басары М.Амандыков.