Медкызматкерлерге компенсация төлөө үчүн 1,4 млрд сом бөлүндү

8 сентября 2020, 15:50

Медкызматкерлердин айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөм үчүн 1,4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.


«Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис», - деп белгилеген премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.

март айында: 37,7 млн сом компенсация төлөнгөн;

апрелде: 111,1 млн сом,

майда: 110,7 млн сом,

июнда: 119,3 млн сом,

июлда: 41 649 медкызматкерге – 444,1 млн сом.



«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү. 1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү.Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 млрд 425 млн сом», - деп айтты өкмөт башчы.