Медкызматкерлерге кенемте төлөө үчүн 673.4 млн сом бөлүндү

6 августа 2020, 11:14

Финансы министрлиги медициналык кызматкерлерге республикалык бюджеттен компенсациянын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн 673,4 миллион сом өлчөмүндө кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүп берди.

Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине 47,8 млн сом жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 625,6 млн сом бөлүндү.

"Саламаттыкты сактоо уюмдарында эмгек акыны төлөө боюнча карыздар жок", - деп белгилейт министрлик.