Мейманкана жана ресторан кызматын пайдалангандардын саны өстү

4 декабря 2023, 10:20

Кыргызстандын бардык аймагында быйыл январь-октябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алсак, бул тармактагы киреше он айда 27 млрд 718,8 млн сомду түзсө, өткөн жылы (10 айда) 20 млрд 328,5 млн сомду түзгөн.

Ошол эле учурда, эң көп киреше Бишкек шаарында түшкөн, ал 14,2 млрд сомду түзгөн.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызматы эң аз Нарын облусунда 65,7 млн ​​сом экендиги аныкталган.