«Мекен-карт» макамын 38 киши алды

18 декабря 2023, 15:45

"Мекен-карт" макамын 38 киши алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Маалыматка ылайык, документти Россия, Германия, Корея, Бельгия, Түркия, Австрия, Түркмөнстан жана Катардын жарандары алды.

“Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. Аны алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылса болот.