Мектептерге карантин учурунда мугалимдерге айлык акы төлөнөт

16 марта 2020, 16:30

2020-жылдын 14-мартындагы өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланган.

«Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат», - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлору каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин дистанттык окутуу технологияларын колдонуп жүргүзүү жагын караштырууга милдеттендирилди.