Мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды

21 сентября 2023, 13:15

Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, мектепте ата-энелерден акча чогулткандарга 7,5 миң сомго административдик чара көрүлөт. Андан тышкары, каражат чогултууга багытталган коомдук фонддорду түзүү үчүн физикалык жактар 10 миң сомго, юридикалык тараптар 28 миң сомго айыпка жыгылат.