Мэрия Бишкектеги жарнак такталарды аукционго чыгарды

20 апреля 2022, 12:30

Бишкек мэриясы жарнак такталар, жарнак мамылар жана муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды аукционго чыгарды. Аларды ижарага алуу боюнча электрондук аукцион 11-12-майда өтөт.

Маалыматка ылайык, аукционго бир жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө 25 жарнама тактасы, 13 муниципалдык объектер коюлду. Ошондой эле 25-апрелде жети муниципалдык объект боюнча аукцион башталат.

Онлайн аукционго etp.okmot.kg сайты аркылуу катышса болот.