Мэрия дээрлик 15 млн сомго тез жардам унааларын сатып алат

16 октября 2023, 10:35

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы “А” классындагы тез жардам унааларын сатып алат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендердин пландалган суммасы 14 млн 693 миң 635,5 сомду түзөт. Бул каражатка үч тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.

Конкурстук табыштамаларды 27-декабрга чейин тапшыруу зарыл.