«Биз эмне экинчи сорттогу элбизби?» -депутат мигранттардын акча которуусундагы коюлган чек тууралуу

29 октября 2019, 13:56

2019-жылдын 29-октябрында Жогорку Кеңештин тышкы иштер жана коргоо комитети, Евразия экономикалык союздун катарындагы мамлекеттердин тамеки продукцияларындагы салык саясаты тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Долбоордун демилгечиси экономика министрлиги болуп эсептелинет.

Мыйзам долбоорунун маалыматын экономика министрлигинин орун басары Дастан Кадыров тааныштырды.

Жыйын учурунда ЖК депутаты Каныбек Иманалиев экономика министрлигине Россиядагы мигранттардын акча которуусундагы коюлган чекти кайрадан кароону суранды. Анын айтымында, мигрант өзү иштеп тапкан акчаны кайда которуу керек экендигин өзү билет.

«Тажиктер ЕАЭСке кирбей эле акча в которуп жатышат, казактар дагы. А биз эмне экинчи сорттогу элбизби?» - деп нааразычылыгын билдирди.

Маалымат угулган соң, комитеттеги депутаттар тарабынан Бажы биримдигиндеги мүчө мамлекеттердин тамеки продукцияларындагы салык милдеттери тууралуу мыйзам долбоорунун сунушу жактырылды.