Мигранттардын пенсиясы ЕРӨБ аркылуу которулат

24 января 2022, 09:35

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө иштеген мигранттарга пенсия которуу жана пенсия үчүн төлөм кабыл алуу Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду сайтына жарыялады.

Социалдык фонд менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда макулдашууга кол коюлган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү мигранттарга пенсия чегерүү келишими 2021-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Ага ылайык, Биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар пенсияга чыкканда, чет жактагы иштеген стажы да кошо эсептелип, ошого жараша пенсия төлөнөт. Ал үчүн мигранттар аймактын өлкөлөрүндө кеми 12 ай туруктуу иштеп, Социалдык фондго үзгүлтүксүз акча которуп турушу керек.

Жогоруда белгиленген пенсиялык жана пенсия үчүн төлөмдөр мындан ары ошол өлкөнүн валютасы менен Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлөт.