Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги аймагына жаңы жетекчи келди
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы болуп Жуманазаров Артурбек Берембекович дайындалды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Жуманазоров буга чейин Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Жуманазаров Артурбек Берембекович – 1966-жылы туулган.