Финансы министрлиги декабрда баалуу кагаздарды чыгарат

1 декабря 2020, 10:00

Кыргызстандын финансы министрлиги 2020-жылдын декабрь айындагы чыгара турчу казыналык баалуу кагаздардын көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Мамлекеттик баалуу кагаздар 7 - 10 жылдык мөөнөт жана 7-8 пайыздык чен менен чыгарылат. Жалпы көлөмү 2.7 млрд сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын алдын ала көлөмү тууралуу азырынча маалымат жок.