Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга 7,5 миң доллар керектелет

2 ноября 2023, 16:40

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 7,5 миң доллар турат. Бул тууралуу Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып “Reporter.kg” маалымат агенттиги билдирди.

Анын айтымында, бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандар операция жасатууга кезекте турушат.

“Алар акчасын издеп жатышат. Бейтаптар гемодиализ үчүн бир жылга 10-12 миң доллар коротот экен. Андыктан эгер биз аларга каражат жагынан жардам берсек, өзүбүздө эле операция жасатып алышмак”, - деди министр.

Учурда Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Жыл ичинде бюджеттен 2,5 млрд сом жумшалат.