Министрлер кабинети кризиске каршы жети пунктан турган чараларды иштеп чыткы
Министрлер кабинети кризиске каршы жети пунктан турган чараларды иштеп чыткы. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планын көрсөттү.
Анын айтымында, бул планды ишке ашырууга жалпы 117 млрд 7 млн сом талап кылынат.
"Зарыл болгон каражаттын ичинен республикалык бюджеттен түз чыгымдар 82 млрд сомго жакынды түзүш керек",- деди ал.
Антикризистик планга киргизилген чаралар 7 багыт боюнча топтолгон:
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана артыкчылыктуу товарлардын баасын турукташтыруу чаралары;
- социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;
- каржылык туруктуулук менен камсыздоо чаралары;
- ишкерлерди колдоо чаралары;
- инвестиция тартуу чаралары;
- товар жүгүртүүнү көбөйтүү чаралары;
- мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо чаралары.