Митингде Бишкектин бюджети 17 млн сом зыян тартты

10 октября 2020, 14:20

5-октябрдан берки башаламандык учурунда Бишкек 17 млн. сомдук зыянга учурады. Бул алдын ала чыгарылган эсеп экенин, дагы тактоо болорун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 9-октябрда журналисттерге билдирди.

Массалык башаламандык учурунда 12 автобус, ИИМдин жана Бишкек ШИИБнин 16 кайгуул автоунаасы талкаланган, жети «Тез жардам» машинеси жабыркаган.

Маалыматка ылайык, «Тез жардам» машинелерин оңдоого 500 миң сомдой акча жумшалат. Ал эми аянтты кайрадан оңдоп-түзөө үчүн 4 млн сом керектелет.

Бардык мекемелер, вице-мэрлер, акимдер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шаардык ички иштер башкармалыгы элдик кошуун менен чогуу шаардын коопсуздугун жана тартибин сактайт.