Митингчилер Таластагы Жерүй кенин басып алышты

6 октября 2020, 12:35

Таластагы Жерүй кенинде иш убактылуу токтоду. Бул тууралуу «Алтын-Альянс» ишканасынын маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 10дордо 200дөй киши алтын чыккан кендин аймагына кирип, ишти токтотууну талап кылышкан. Алар мындан тышкары жумушчуларды кууп чыгышкан.



Шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги Талас облусунда да уланууда. Бир нече саат мурун Өкмөттүн аймактагы өкүлү жана райондордун акимдери менен облустук милициянын башчысы өз каалоолору менен кызматтан кетишкен.
Талас облусундагы борбордук аянтта 200гө чукул кишиш топтошуп турат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 31 добуш менен кызматтан кетти. Бүгүн шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, ушундай чечим кабыл алышкан.

Буга чейин калаа башчынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров депутаттарга мэрди кызматтан алуу боюнча атайын буйрук келгенин, бирок шаар мэринин жүзү эл алдында жарык экендигин жазган.