Жыл башынан бери мүлк салыгынан эки млрд сомдон ашык чогулду

14 сентября 2023, 09:30

Салык кызматы жыл башынан бери мүлк салыгы катары 2 миллиард сомдон ашык чогултту.

Бул суммага турак-жайларга, батирлерге, үй алдындагы жер тилкелерине жана унааларга пошлиналар кирет. Коюлган план 310 миллион сомго ашык чогулду.

Эске салсак, салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда соңуна чыкты. Кечиккендер айып жана ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөйт.