Мамлекеттин аймагына курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 626 лицензия берилген

12 января 2021, 10:20

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагына курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 626 лицензия берген. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Муну менен катар, лицензиянын басымдуу бөлүгү - Бишкек шаарынын аймагына берилген.

Алгачкылардан болуп 450 уюм алган, ал эми калгандарына болсо аткарылган жумуштун жоопкерчилигинин деңгээлинин жогорулашына жана иштин кошумча түрлөрүнүн кошулушуна байланыштуу лицензиялар кайрадан берилген.

Кошумчалай кетсек, юридикалык жактарга 619 лицензия жана жеке ишкерлерге — 7 лицензия берилген.