Өмүрдү алган жумуш: курулуш компаниясына 23 миң сом айып пул салынды

14 февраля 2024, 16:19

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы “Карагай курулуш” ЖЧКсынын кызматкеринин өлүмүнө себеп болгон кырсык боюнча иликтөө иштерин жүргүздү.

Текшерүүдө иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин ден-соолук жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча милдеттенмелери аткарылбагандыгы аныкталган.

Бул үчүн ишканага болгону 23 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, ишканага эмгек келишимин түзбөгөндүгү үчүн 23 миң сом айып салынды.