Муфтият коронавирус менен каршы күрөшүүгө 700 миң сом бөлдү
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке жардам катары 700 миң сом которду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
«Акча каражаты айлыктын эсебинен алынган», — деп билдиришти муфтияттан.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбаев 1 миллион сом которгон.
Бүгүнкү күндө коронавируска каршы ачылган эсеп бөлүмүнө, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин 23-март күнү берген маалыматына ылайык 8 миллион 700 миң сом түзгөн. Которулган акчалар азырынча колдонула элек.