Мунай сатуучулар күйүүчү майдын баасын өзгөртпөөнү суранышты

8 апреля 2021, 10:00

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жыйынында, күйүүчү майга болгон баанын кымбаттап жаткандыгына карабастан, мунай сатуучулардан бааны көтөрбөй турууну суранышты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Жыйынга мунай сатуучулар Ассоциациясы, мунай сатуучулар биримдиги жана рыноктогу ири мунай сатуучулар катышышкан.

Ассоциациядан таза атаандаштык принцибин так сактоону жана чыгымдарды оптималдаштыруу жолу менен баалардын туруктуулугун кармап турууну талап кылышты.

Кошумчалай кетсек, талаптан сырткары, бааны кармап туруу боюнча кат түрүндө сунуштар берилди.