Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар жеңилдиктерди берет

16 апреля 2020, 11:30

Мыйзамга ылайык, салык төлөөчүлөр салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөгө укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Арыз банктын кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтүүсүз белгиленген тартипте берилет.

Ошондой эле Мыйзамда салык төлөөчүлөр 2020-жылдын март айынан тартып июнь айына чейинки мезгил үчүн ал жеткис күчтүн натыйжасында салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкциясы жана туум эсептелбээри аныкталган.