Мыйзамсыз сатылып жаткан 29 миңден ашык бөтөлкө алкоголу аныкталды

2 сентября 2020, 11:30

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө лицензиясыз алкоголдук продукцияларды сатып жаткандарды кармашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра табылды», - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.