2020-жылдын аягында кыргызстандыктардын накталай каражаты 700 млн сомго көбөйгөн

1 февраля 2021, 09:35

Кыргызстандагы накталай каражаттардын жалпы көлөмү 134.6 млрд сомду түзөт. Бул 2021-жылдын 1-январына карата маалымат, - деп билдирди Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, дээрлик 7.7 млрд сом коммерциялык банктардын кассасында. Калган 126.9 млрд сом банктан сырткаркы тутумдарда, бул өткөн жылдын III кварталына салыштырмалуу 700 млн сомго көп.

2020-жылдын IV кварталында коммерциялык банктардын кассаларына 636 млрд сом түшкөн, убл 2019-жылдын III кварталына салыштырмалуу 45 млрд сомго көп. Касса аркылуу 639.3 мрд сом берилген, өсүү 7.2% (43 млрд сом) түздү.