Нарында 1-класстын окуучуларына беткаптар акысыз таратылат

25 августа 2020, 14:45

Нарын облусунда 1-класстын окуучуларына беткаптар акысыз таратылат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Нарын облусунда жаңы окуу жылында 6 миң окуучу биринчи класска барат. Балдар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде мектепте окушат.

«1-класстын окуучуларын ыңгайлуу беткап менен камсыздоо максатында "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп берилип, Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин базасында жеке ишкер тарабынан беткаптар тигиле баштады. Тигилген 6 миң беткап окуучуларга акысыз таратылып берилет. Бул ишке 25 тигүүчү тартылып, өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө», - деп билдирет өкүлчүлүк.