Нарын: Ак-Талаада 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

22 февраля 2022, 10:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулушу 2017-жылы башталган мектепке республикалык бюджеттен 67 млн сом жумшалды.

Жергиликтүү бийлик быйыл мамлекет тарабынан облустагы ар бир райондо 4-5тен социалдык объектиге каражат берилерин кошумчалады.