Нарындын базарындагы соодагерлерге азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөө тапшырылды

16 декабря 2020, 15:00

Нарын шаарынын борбордук базарында жана соода борборлорунда азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда Финансы полициясы соодагерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөөнү тапшырышкан.

Жыйынтыгында күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өсүш импорттолгон азыктарда байкалып, бул кымбаттоо жергиликтүү жашоочуларга оорчулук туудуруп жаткандыгы боюнча маалымат өкмөткө билдирилери айтылды.

Ошол эле учурда азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында тиешелүү органдар жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.