Нарында 60 млн сомго жаңы автобекет курулат

13 февраля 2024, 12:35

Нарында жаңы заманбап автобекет куруу пландалууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вокзал Нарын шаарына Москва районунан кире бериште, “Жеңиш” сейил багынын чыгыш тарабына курулат.

Объекттин курулушуна 60 миллион сом жумшалат.

Ошол эле учурда эски автобекет толугу менен реконструкцияланып, балдардын заманбап эс алуу борборуна айланат. Бул максаттарга 40 миллион сом жумшалат.