Нарындагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды

9 февраля 2024, 12:25

Нарын облусундагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Нива” үлгүсүндөгү унаалар “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумунун алкагында, милиция бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында берилген.