Нарынга 47 млн сомго панорамалык аттракцион курулат

13 февраля 2024, 09:45

Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион коюу пландалууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Панораманы курууга 47 млн сом жумшалат. Ал өзүн 5 жылда актайт деген болжолдонууда.

“Панорамалык аттракцион шаардын көркүнө көрк кошуу менен бирге элге эс алуу тартуулап, бюджетке киреше алып келе турган жай болот”, - деп белгиленет маалыматта.

Белгиленгендей, бул облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген "Нарын - реновация" креативдүү долбоорунун бир бөлүгү.