Улуттук банк Таластагы «ЖОКОЙ» насыя уюмунун ишмердүүлүгүн токтотту

27 апреля 2020, 15:20

2020-жылдын 28-апрелинен тарта Улуттук банк «ЖОКОЙ» Насыя уюмунун» ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу регулятордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын ченемдик-укуктарын бузгандыгы үчүн насыя уюмдун лицензиясы алынган.

Белгиленгендей, насыя уюму Талас облусунун, Талас шаарынын Чыңгыз Айтматов - 52 көчөсүндө жайгашкан.