Насыя алуу үчүн ишкерлерден 3 гана документ талап кылынат

25 августа 2020, 17:05

Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө банктар ишкерлерден 3 гана документ талап кылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Алар төмөнкүлөр:

1. Күрөөгө коюлган мүлккө техникалык, укук коргоочу документтердин түп нускалары. Күрөөгө коюлган мүлктүн түп нускалары банкка тапшырылат.

2. Патенттин көчүрмөсү, жеке ишкердин күбөлүгү жана ИНН. Бул талап банктар үчүн зарыл.

3. Кредит алуучунун ишкердигин же кошумча кирешесин тастыктаган документтер. Бул талап банктар тарабынан тобокелдиктерди азайтуу максатында алынат.